Түндүк Корея өзөктүк-ракеталык сыноолорун токтотот
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын өзөктүк-ракеталык сыноолор токтотулаарын билдирди. Бул тууралуу 20-апрелде айтып, соңку алты өзөктүк сынак өткөрүлгөн полигон да жабылаарын кошумчалады.
АКШ президенти Дональд Трамп Кимдин чечимин кубаттап, "Твиттерге" "Бул Түндүк Корея үчүн да, дүйнө үчүн жагымдуу кабар" деп жазды. Трамп Ким Чен Ын менен жолугушууну да күтүп жатканын белгиледи.
27-апрелде Түндүк Корея менен Түштүк Корея бийликтери биргелешип саммит өткөргөнү турат. Бул саммиттен соң АКШ жана Түндүк Корея лидерлери жолугат деп күтүлүүдө. Анын убактысы жана кайсыл жерде өтөөрү азырынча белгисиз. (SE)