Өзбекстанда биринчи жолу Куран китеби өзбекче басылып чыкты
Өзбекстанда биринчи жолу Куран китеби өзбек тилинде жарык көрдү. 28-мартта сатыкка чыккан китепти алууну каалагандар көп болгондуктан, дүкөн алдында узун кезектер пайда болду. Байкоочулардын айтымында, китеп үчүн мындай кезекке туруу эгемен Өзбекстандын тарыхында болгон эмес.
«Хилол» басмаканасында чыккан Куран алып сатарлардын колуна өтүп кетпеши үчүн бир кишиге бирден эле китеп берилээри эскертилди. Китеп 31 миң сум же 270 сом турат. Буга чейин Ташкентте араб мамлекеттеринде чыгарылган Куран китептер кеңири жайылып келген.
Өзбекстанда ыйык китепти басып чыгарыш үчүн Египеттеги басмаканалардан уруксат алынган. Басмакана билдиргендей, Өзбекстандын дин башкармалыгы Куранды 50 миң нуска менен чыгарууга уруксат берген. Ушул тапта он миң даанасы жарык көрдү. Куранды араб тилинен дин аалымы Алауддин Мансур которгон.