Президент башкы прокурор менен жемкорлук маселесин талкуулады
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 28-мартта кабыл алып, жемкорлукка каршы иштердин жүрүшү тууралуу сүйлөштү.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Жолдубаева Коопсуздук кеңешинин быйыл 8-февралдагы чечимине ылайык, коррупцияга каршы жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.
Жээнбеков прокуратуранын бул багыттагы аракетинде жылыштар бар экенин белгилеп, жемкорлукка каршы чечкиндүү чаралардын жыйынтыгына жарандык коом көз салып жатканын кошумчалады.
Жолдубаева кызматтык кылмыштарга байланыштуу мурда негизсиз токтотулган иштер кайра карала баштаганын билдирди.
Сооронбай Жээнбеков ушул эле маселе менен 27-мартта УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди да кабыл алган.
8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы күч органдарындагы жемкорлукка каршы аракеттерди сынга алып, ишти жандантуу зарыл экенин айткан. Жарандык коом өкүлдөрү Жээнбековдун демилгесин колдоп, жыйынтык күтөрүн билдиришкен. (SE)