Германия парламенти Ооганстандагы аскерлердин санын көбөйтүүнү жактырды
Германиянын парламенти Ооганстандагы аскерий миссиянын мөөнөтүн узартуу чечимин жактырды.
Мыйзам чыгаруучулардын көпчүлүгү НАТО миссиясынын алкагында ооган жергесинде кызмат өтөп жаткан немис контингентинин санын 1 миң 300гө чейин жеткирүүнү колдошту.
Түндүк альянстын аскерлеринин ири бөлүгү чыгарылган 2014-жылдан бери Кабул өкмөтү талиптерге жана башка согушкер топторго каршы күрөшүп келет.
Бир нече апта мурун Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен немис аскерлеринин саны көбөйтүлүп жаткан чакта ооган өкмөтү да реформаларды тездетүүгө тийиш деп айткан.
Германия НАТОнун Ооганстандагы миссиясына 17 жылдан бери салым кошуп келет. Немис контингентинин кеңсеси Мазари-Шариф шаарында жайгашкан, Кундуздун жанында болсо чоң базасы орун алган.