Кара-Балтада поезд тебелеп кеткен бала көз жумду
Кар-Балта шаарында поезддин алдында калган 15 жаштагы мектеп окуучусу ооруканадан көз жумду. Жүргүнчү ташыган поезд Бишкектен Меркеге бараткан эле.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов "Азаттыкка" кабарлагандай, окуя 17-мартта кечинде болгон:
- Бала поезддин алдына кирип кеткени тууралуу маалымат берилип жатат. Чукул токтотуу болгон. Баланы Кара-Балта шаарына "Тез жардамга" алып барышкан. Баштапкы маалымат боюнча маркум өзү күнөөлүү экени айтылууда.
Окуянын чоо-жайын милиция иликтеп жатат. (SE)