Мэй: Скрипал Орусияда жасалган зат менен ууландырылган
Британ премьер-министри Терезе Мэй дүйшөмбүдө парламентте сүйлөп жатып, Сергей Скрипаль кызы экөө Орусиянын аскерий ишканасында жасалган зат менен ууландырылганын айтты.
Премьердин сөзүнө караганда, мурдагы тыңчыны ууландырууга адамдын нерв системасын сенек кылган "жаңы муундагы" зат колдонулган. Андай затты советтик окумуштуулар 1992-жылдары ойлоп табышкан.
Мэй Орусияга окуяга түшүндүрмө берүү үчүн шейшембиге чейин убакыт бөлүнгөнүн билдирди.
"Орусиянын бийлигинин буйругу менен ишке ашкан адам өлтүрүүлөрдү, Орусиянын айрым тыңчыларды бутага алганын эске алып, Сергей жана Юлия Скрипалга каршы кол салуу үчүн Орусия жооптуу болушу толук ыктымал" - деди британ өкмөт башчы.
"Биз өз жергебизде бейкүнөө адамдардын киши колдуу болушуна чыдап тура албайбыз" - деп кошумчалады Мэй.
33 жаштагы Юлия Скрипал менен анын 66 жаштагы атасы Сергей Скрипаль Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунда эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген.
Орусияда "мамлекеттик чыккынчылык кылган" деп айыпталып, түрмөгө кесилген Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы офицери Сергей Скрипал Англиянын Солсбери шаарында белгисиз зат менен ууланган болушу мүмкүн экени кабарланган.
Маалыматка караганда, Скрипал 1995-жылы британ чалгын кызматына мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды берип турган. Ал 1999-жылы Орусиянын куралдуу күчтөрүнөн кеткенден кийин да британдар менен кызматташуусун уланткан. Бул үчүн Скрипал акча алып турганы айтылат.
2006-жылы Москванын аймактык соту Скрипалды 13 жылга түрмөгө кескен. 2010-жылы ал мунапыс менен эркиндикке чыккан. Андан соң АКШда кармалган орусиялык агенттерге айырбашталган. Соңку жылдары Британияда жашап жүргөн.