Президент Нурханбек Момуналиевди кызматынан бошотту
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин кызматтан кетүү жөнүндө арызын канааттандынды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Жээнбеков 12-мартта кол койду.
Билдирүүдө Момуналиев өз арызынын нгеизинде кызматтан бошотулганы жазылган.
Бүгүн премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык Эмилбек Бусурманкулов өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Анын ордуна Алмазбек Мусабеков дайындалды.
Ага чейин Исаков Нурханбек Момуналиевди кызматынан бошотуу тууралуу сунушун президентке жиберип, өкмөт аппаратындагы эки бөлүм башчыны кызматтан алган. (NT)