Ингушетияда кармалган Магомед Хазбиев ачкачылык жарыялады
Мыйзамсыз курал саткан жана бийлик өкүлүнүн кадыр-баркына шек келтирген деп айыпталган оппозиционер Магомед Хазбиев Назрандагы тергөө абагында кургак ачкачылык кармай баштады. Бул тууралуу анын адвокаты Хеди Ибриева билдирди.
Хазбиев ага медициналык жардам алууга уруксат берилбей койгондон кийин ушундай кадамга барууну чечкен. 29-январда сот оппозициялык активистти үй камагына чыгаруудан баш тарткан. Адвокаты болсо камакта жаткан маалда анын ашказанындагы жарасы жарылып кеткенин, тез арада дарылоого муктаж экенин билдирген.
2015-жылдан бери Хазбиев эл аралык издөөдө жүргөн. Андан бери Грозныйда жашап жүргөн. Чечен бийлиги аны мамлекеттин коргоосуна алган. 11-январда Назранда кармалып, тергөө абагында жалгыз кишилик камерада видео көзөмөлдүн алдында жатат.
Хазбиев өз эрки менен Ингушетияга сурак берүүгө келген. Ал өзүнө коюлган кинени четке кагып, оппозициялык ишмердиги үчүн бийликтин каарына калганын белгилейт.
Магомед Хазбиев – ПАРНАС партиясынын аймактык бөлүмүнүн башчысы. Буга чейин ингуш өкмөтүн жана президент Путинди сындаган. 2014-жылы Киевге барып, Украинанын Евробиримдик менен интеграциясын колдоп сүйлөгөн.