Жөө күлүк акын Медербек
26 жаштагы кыргызстандык Медербек Канатбек уулу бир жарым жыл мурда Анталияга иштегени келип, бирок спортко болгон ышкысына туруштук бере албай, эми жеңил атлетика боюнча жергиликтүү спортчулар менен машыгып жаткан кези. Ал Түркиянын Анталия шаарында уюштурулган марафондо алдыга озуп келген он күлүктүн бири болду. Көп кырдуу таланттын ээси Медербек мекенге болгон сагынычын ыр саптарына жана обонго салып, келечекте китеп чыгарууну кыялданат экен.