Жээнбеков кыргызстандык аялдарды майрам менен куттуктады
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жолдогон куттуктоосунда кыргыз элинде илгертеден бери эненин орду өзгөчө бааланып келгенин, ал ыйык салт учурдагы коомдо да дайыма аздектелип сакталарын белгилеген. Президент Жээнбеков ошондой эле аялдар учурда өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө жигердүү катышып жатканын, бул өз учурунда коомдун ынтымагына жана биримдигине чоң салым кошуп жатканын да кошумчалап кеткен.
Мамлекет башчы өз куттуктоосунда аялдардын кажыбас кайраты, турмуштук активдүү позициясы өлкөнү ар дайым бийик максаттарга жана зор жоопкерчиликке багыттап турарын белгилеп, бардык кыргызстандык аялдарга бекем ден соолук, бакубат турмуш каалаган.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (ZKo)