Статистика: Ош шаарынын тургундары жетиштүү тамак жебейт
Ош шаарынын тургундары организм талап кылган өлчөмдө тамак жешпейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2-мартта жарыялаган "Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча" баяндамасында айтылат.
Адамга бир күнгө 2097 килокалория керектелсе, Ош шаарынын жашоочулары анын 1783үн гана колдонот. Талас, Нарын, Жалал-Абад облусунун жашоочулары керегинен ашыкча тамактанышат:
Талас облусу - 2585,
Жалал-Абад облусу - 2220,
Нарын облусу - 2207,
Ош облусу - 2073,
Баткен облусу - 2093.
Ысык-Көл облусу - 2034,
Чүй облусу - 1980,
Бишкек шаары - 2051 килокалория жешет.
Адистер аз же көп тамактануу боюнча 2017-жылдын 9 айындагы изилдөөгө таянып баяндама даярдашкан. Бирок тургундардын тийиштүү өлчөмдө же ашыкча тамактануу себептери көрсөтүлгөн эмес. (SE)