Путин Вашингтондун "Кремл баяндамасын" сындады
Орусиянын президенти АКШ жарыялаган баяндаманы “достукка жатпаган жана АКШ-Орусия алакаларын татаалдаштырып, жалпы эле эл аралык мамилени буза турган кадам” катары баалады. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо Кремл “баяндаманы талдап чыккандан кийин кандайдыр тыянак чыгарарын” айтты.
Шейшембиде Кошмо Штаттарда “Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланды. “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин жакын чөйрөсүндөгү 114 адамдын жана 96 олигархтын аттары аталган. АКШнын Каржы министрлиги түзгөн "кара тизмедегилерге" каршы Вашингтон мындан ары санкция киргизиши мүмкүн.