Астана президент Назарбаевдин сунушун сындаган Минскиге жооп кайтарды
Казакстан Беларус Тышкы иштер министринин билдирүүсүнө жооп кайтарды. Министр В.Макей президент Н.Назарбаевдин "Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн Астанада өткөрүүгө даярбыз" деген сунушуна карата "жолугушуулардын жерин которуу эч нерсени чечпейт" деп билдирген.