Түндүк Кореянын делегациясы Сеулга келди
Курамына ырчы кыздардын «Моранбонг» деп аталган тобунун жетекчиси Хён Сонг Вол да кирген делегация кышкы Олимпиада оюндарына карата маданий иш-чараларды уюштуруу жана алар өтүүчү жерлерди текшерүү максатында Сеулга келди. 21-январда башталган визит түндүккореялык расмийлердин акыркы төрт жылдан берки алгачкы сапары.
Мурдараак 20 кишиден турган делегация Сеулга 20-январда келери кабарланып, бирок акыркы мүнөттөрдө белгисиз себептерден улам жылдырылган.
Делегация Сеулдан концерттердин бири өтүүчү Ганьгун шаарына карай багыт алганы, алардын коопсуздугун сактоодо бардык чаралар көрүлгөнү айтылууда.
Эки жума мурун Сеул менен Пхеньян Пхенчханда өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарына түндүккореялык спортчулар жана ырчылары барары тууралуу келишимге жетишкен.
Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында кышкы Олимпиада оюндары 9-февралда башталат. 20-январда Эл аралык олимпиада комитети оюнга Түндүк Кореядан 22 спортчу катышары тууралуу келишимди кубаттаган. Эки өлкөнүн саясатчылары бул кадам Корей жарым аралындагы чыңалууну басаңдатат деп үмүттөнүшүүдө.