Кабул: мейманканага кол салууга жоопкерчиликти талиптер алды
Алты киши, анын ичинде үч полиция кызматкери жаракат алды. Окуя үчүн "Талибан" кыймылы жоопкерчиликти алды.
Ооганстандын баш калаасы Кабулдун борборунда жайгашкан мейманканага 20-январда куралчан топ кирип, имараттагы кишилерди он сааттан ашык барымтада кармап турган.
Батыш мамлекеттеринен келгендер, саясатчылар көп токтогон "Интерконтинентал" отелинде бул күнү эл аралык жыйын өтүп жаткан. Анын катышуучуларын коопсуз жайга чыгарылып, имарат курчоого алынган. Полиция менен кол салгандардын атышуусу башталган. Отелдин үстүңкү кабаттарынын биринде өрт да чыккан. Жыйынтыгында полиция кол салгандарды атып өлтүрүп, азыр имарат толук бошотулганы айтылды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул отелде жети кыргыз жараны иштеп келгенин жана алар аман-эсен экенин маалымдады.