АКШнын ондогон шаарларында аялдар жапырт жүрүшкө чыгышты
Акцияга чыккандар аялдардын, иммигранттардын, ЛГБТ коомчулугунун укуктарын коргоого чакырышты. Мындан тышкары Трамптын администрациясынын саясатын, президенттин сүйлөгөн сөздөрүн "сексизм" деп эсептешип, ага каршылык билдиришти.
Вашингтондогу жүрүшкө он миңдеген киши келди. Ага сенатор аялдар, Демократиялык партиянын Конгресстеги мүчөлөрү да катышты.
Нью-Йорк, Кливленд, Ричмонд, Милуоки, Остин, Сиэттл, Лос-Анжелесте дагы ушундай эле талаптар менен миңдеген адамдар акцияга чыгышты.