Сеул: Пхеньян Олимпиада оюндарына артисттерин жиберет
Министрликтин билдирүүсүндө Түндүк Корея бул демилгени талкуулоо үчүн 15-январда өз тарабындагы Панмунж кыштагында жолугушууну да сунуштаган.
Маалыматка ылайык, Пхеньян Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн дагы бир сүйлөшүү күнүн сунуштоо жөнүндө каалоосун да билдирген.
Кышкы Олимпиада оюндары 5-25-февраль күндөрү Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтөт.