Түркиядагы АКШнын элчилиги виза берүүнү толук жандандырды
![Түркиядагы АКШнын элчилиги виза берүүнү толук жандандырды](https://gdb.rferl.org/34F7174B-A1FB-4E42-91A0-89DCAC9F48AC_w800_h450.jpg)
Америкалык элчилик АКШга барууну каалаган түркиялык жарандарга виза берүүнү кайрадан толук жандандырып жатканын маалымдады. 2017-жылдын башында америкалык консулдуктун кызматкери Метин Топуз терроризмге шектелип Стамбулда кармалгандан кийин, АКШнын элчилиги түркиялыктага АКШга кирүү үчүн виза берүүнү толук токтотуп койгон.
Түркия дагы жооп катары буга окшош чара киргизген. АКШнын Мамдепартаменти таркаткан билдирүүдө октябрдан тарта Түркия америкалык дипмиссиянын кызматкерлерине каршы иликтөө жүргүзбөө убадасын аткаргандыгы тууралуу белгиленген. Түрияк өкмөтү америкалык дипломаттарды камакка алуудан мурун АКШнын Ак үйүнө кайрылууга сөз берген.
Анкара менен Вашингтон визалык тейлөөнү Туркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым ноябрда АКШга барганда эки тараптуу башташкан. Бирок АКШнын Анкарадагы элчилиги виза алуу үчүн маекке жазылуу 2018-жылдын январында гана ачылаарын билдирди.