Айдарбеков ЖК депутаттыгына талапкерлигин алуу боюнча БШКга арыз жазды
Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин алуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды.
№21 округдан депутат болуп шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта өзү жазган арызынын негизинде алынып, кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.
Добуштардын саны боюнча андан кийинки орунда турган Чыңгыз Айдарбековго мандат берилбей жаткан. Боршайком муну талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) маалымкат күтүп жатканы менен байланыштырган.
14-апрелде Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Чыңгыз Айдарбековдун үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Ушул эле күнү кечинде ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыбы угузулуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. ИИМ Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштер министри болуп иштеп турганда бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгымдаган деп айыптап жатат.
ИИМ 15-апрелде дагы кошумча маалымат таратып, Чыңгыз Айдарбековго козголгон кылмыш ишин тергөөдө анын дипломаттык ишмердиги учурундагы мыйзамсыз иштери аныкталганын билдирген. Милиция Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен Чыңгыз Эгембердиев (Чыңгыз Айдарбековдун мурдагы фамилиясы Эгембердиев болчу) дипломатиялык кызматта иштеп турганда ичимдик, тамеки аткезчилигине жана визаларды мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар деген вербалдык нота түшкөнү аныкталганын кабарлаган.
Чыңгыз Айдарбеков “Азаттыкка” комментарий берип, жемкорлук жана аткезчилик иштерге тиешеси жок экенин айткан. Ал мандаттан баш тарткандан кийин эми добуштардын саны боюнча андан кийинки орунда турган Мирлан Жеенчороевге мандат берилиши мүмкүн. (BTo)