Шойгу армияга чакыруу курагын 30 жашка чейин деп өзгөртүүнү сунуш кылды
Шойгу куралдуу күчтөрдүн санын бир жарым миллионго жеткирүү пландалганын, келишим менен кызмат өтөгөндөр 695 миңди түзөрүн белгиледи. Азыр орус армиясы 1 150 628 аскерден турат. Ошол эле маалда министр кошумча мобилизация же кызмат өтөөнүн мөөнөтүн узартуу маселеси тууралуу айткан жок.
Ал «НАТО орус чек арасына жакын жерде аскердик потенциалын топтоп жатканын» айтып, түндүк-батыш тарапта армияны күчтөндүрүүнү сунуш кылды.
Жыйында сүйлөгөн президент Владимир Путин мамлекет армияны толук камсыздаганын белгиледи. Ошондой эле Кремль «атайын операция» деп атаган согуш кандай маселелердин бетин ачканын тизмектеди. Орус лидери ал «операция» өтөсүнө чыгарын кайталады.
Шойгу аларды аткаруу министрликтин эмки жылдагы максаттары экенин билдирди.