Вандык кыргыздардын Түркияга көчүп барганына 40 жыл болду
Улуу Памир айылында 2500ге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350гө жакыны мектеп окуучулары. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар.
Айыл Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван дубанында жайгашкан. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен алектенет. Кыргыздар Түркияга 1982-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Ал эми Улуу Памир айылы 1987-жылы түптөлгөн. (ElB)