Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болду
Баштапкы маалымат боюнча жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Ооруканага жаткырылган үч кишинин жарандыгы такталып жатат.
Кырсык Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда, "Урал" трассасында болгон.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөштү. Каза болгондордун жакындары үчүн (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.
Жол кырсыгынын видео, фотолору социалдык тармактарда тарады. Аны тарткандар токтоп турган кичи автобусту чоң жүк ташуучу машине сүзгөнүн айткан.
Орусиянын Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских Телеграммдагы расмий каналында ооруканадагыларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын кабарлады. Азырынча кырсыктын чоо-жайы жана кыргызстандыктар кай тараптан баратканы айтыла элек. (TSh)