УКМК чек ара бекеттериндеги тыгындын себебин түшүндүрдү
"Кыргыз-казак чегиндеги "Ак жол", "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү бекеттеринде дем алыш күндөрү эртең менен, кечинде, жуманын башында адамдардын жана автоунаалардын агымы көбөйгөндүгү байкалууда. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасынын "Достук" пунктунда дем алыш жана Кара-Суу базарындагы дүңүнөн соода кылуу күндөрү адамдар көп өтүп жатат. "Достук" өткөрмө бекетинде курулуш иштери жүрүп жатканына карабай, жарандардын, транспорттун үзгүлтүксүз өтүүсү камсыздалды", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.
Маалыматка караганда, суткасына 14, 5 миңге жакын адамды тейлөөгө ылайыкташканына карабастан 19-20-июлда эле ушул бекеттен 18 миңден ашуун адам кирип-чыккан. Ошондой эле "Достук" өткөрмө пунктунда 22 паспорттук көзөмөл кабинасы күнү-түнү иштеп жатат.
Казакстан менен чек арадагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны жаз айларында байкалып, бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Анда депутат Айбек Осмонов мындай мамиле улана берсе, Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан. (КЕ)