Саммитке байланыштуу Тамчы-Чолпон-Ата жолуна убактылуу чектөө киргизилет
Маалыматка карганда, делегациялар келген маалда гана жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган автоунаалар эвакуацияланат. Аталган башкармалык жолдо жүрүү эрежерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жол боюнда таштабоого жана кароосуз калтырбоого чакырат.
21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. (КЕ)