Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди
Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга кечээ, 20-июлда келген. Жыйынга катышуу үчүн Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун да келери күтүлүп жатат.
Чолпон-Атада өтчү Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесинде чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө.
Жыйындын алкагында президент Садыр Жапаров айрым президенттер менен жеке жолугушары да айтылган. (КЕ)