Мамэкотехинспекция Бишкекте сатылган көмүрдүн радиациясын текшерди
Маалыматка ылайык, көмүрдүн экологиялык стандарттарына шайкештиги жана радиациясы атайын аппарат менен текшерилди. Алар сапаты Кыргызстандын Радиациялык коопсуздук боюнча техникалык регламентинде көрсөтүлгөн нормадан ашык болбогону аныкталды. Текшерилген базалардын көбүндө Кара-Кеченин көмүрү болгон.
Буга чейин Бишкек мэриясынын жетекчилиги конуштардагы жана Жылуулук электр борборунда жагылган Кара-Кеченин көмүрүн калааны каптаган кара түтүнгө себеп болуп жатканын билдирген. Кыргызстан жылына 2,5 млн. тоннадай көмүр керектесе, анын теңинен көбүн Жумгалдагы Кара-Кечеден казып келет. (TSh)