Украин соту Порошенкого кылмыш ишин козгоого уруксат берди
Мунун алдында Иликтөө боюнча мамлекеттик бюро «кызмат абалынан кыянаттык мнен пайдаланган» деген шек менен мурдагы президент Петро Порошенкого байланышкан 12 ишти тергеп жатканы белгилүү болгон. Анын баарында экс-президент күбө катары сурактан өтүп жаткан.
Порошенко бул иштердин баарын «саясий куугунтук» деп атаган. Анын саясий атаандаштары экс-президентти камакка ала турган далилдер жетиштүү экенин билдирип жатышат.
Ал быйыл апрель айында экинчи мөөнөткө калуу максатында президенттик шайлоого катышкан жана азыркы мамлекет башчы Владимир Зеленскийге утулуп калган.