Кампадан чыккан өрттөн эки адам жабыркады
Экөө тең иске ууланган. Биринин абалы орточо оор, экинчисиники оор.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт Москва жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан чыккан. Учурда ал жерде куткаруучулар, милиция жана медицина кызматкерлери иштеп жатат.