Кой-Таш окуясынан кийин Бишкекте кармалган алтоонун иши тергелүүдө
Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ошол түнү Ала-Тоо аянтынан 40 бала кармалган, алардын 34ү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кое берилген. Калган алтооно карата «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголгон.
Жыйында белгилүү болгондой, муниципалдык мүлккө кол салууга, автобустарды талкалоого байланыштуу эки бала камакта отурат.
8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн атайын операциядан кийин УКМКга жеткирилген. Ага бир нече айып коюлуп, мекеменин тергөө абагына камалды.
Атамбаев кармалган түнү Бишкектин борбордук бөлүгүнө жаалданган жаш балдар чыккан. Милиция аларды дароо кубалап тараткан. (RK)