Таштандыларды түрүнө карап жыйнаган акция өтөт
Акция түшкү саат 12:00дө калаанын борбордук аянтында башталып, катышуучуларга атайын мүшөк жана колкап берилет. Чогултулган кагаздын 1 кг. 6 сом, картон – 3, айнек – 2, желим - 5 сомго сатылып алынат.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда өлкө боюнча азыр ушу тапта 16,5 млн. тонна таштанды бар.
Алардын басымдуусу желимден жасалган баштык, бөтөлкө, идиш жана темир-тезектер. Учурда Кыргызстандын бир да аймагында таштандыны кайра иштете турган ишкана жок. (КЕ)
Дагы окуңуз: ИИМ: Карамушкина айткан жаран аңчылыкта каза болгон