Түркмөн президентинин өлүмү тууралуу маалымат төгүндөлдү
Буга чейин бир катар орусиялык маалымат каражаттар Түркмөнстандын президенти көз жумгандыгын жазып чыгышкан.
Жергиликтүү басылмалар Бердимухаммедов эки жумадан бери коомчулукка чыга элегин жазышууда.
Гурбангулы Бердимухаммедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарып келет. Ал коомчулукту ар кандай кылык-жоруктары менен таң калтырып келет.
Мисалы, 2019-жылдын апрель айында ал «Ровач» аттуу сүйүктүү аргымагына арнап ыр жазып, аны небереси менен чогуу аткарган.
Андан мурун ал велосипед тээп баратып, тапанчадан ок атып жаткан видео жарыяланган.