Чек аралаш Баткен жана Фергана облус жетекчилери жолугушту
Жолугушууга Баткен жана Өзбекстандын Фергана облустарынын чек аралаш аймактагы район, шаар башчылары жана эки тараптан күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.
Эки облус башчылары кыргыз-өзбек мамилесин бекемдеп, соода-алаканы жана маданий кызматташтыкты чыңдоо багытында маселелерди талкуулап, биргелешип өткөрүлчү иш-чараларды макулдашты.
Чектеш жайгашкан облустардын жаштарынын карым-катнашын чыңдоо максатында Корея мамлекети менен биргеликте Фергана облусунда ачылып жаткан жогорку окуу жайында Баткен облусунан беш студенттин акысыз билим алуусуна толук шарт түзүлүп берилет деп Фергана облус башчысы убада берди. (JsA)