Соцфонддун кызматкери пенсионерден пара алып жаткан учурда кармалды (видео)
Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Мекеме кабарлагандай, Социалдык фонддун кызматкери пенсия чегерүү үчүн документтерди жасоо үчүн акча сураган. Ал жалпы 22 миң сом талап кылган. Кармалган учурга чейин ал 13 миң сом алган.
Кармалган адам Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 21-июнда сот анын бөгөт коюу чарасын карайт. (ErN)