Тбилиси: миңдеген киши орусиялык депутаттын аракетине каршы акцияга чыкты
Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гаврилов Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду. Гаврилов Грузияда өтүп жаткан Православия боюнча парламенттер аралык ассамблеяга төрагалык кылуу үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда анын спикердин креслосуна отурушун Грузияны сыйлабоо катары баалап чыгышты. Ал бейшембиде ассамблеянын жыйынын грузин спикеринин креслосунда отуруп ачкан. Тыныгуудан кийин да спикердин ордуна отурууну көздөгөндө грузин парламентарийлери ага жолтоо болуп, «мамлекеттик институттарды шылдыңдоого жол берилбейт» деп жооп кайтарышканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрөт. Аны Түштүк Осетия менен Абхазиянын Грузиядан бөлүнүшү боюнча Орусияны колдойт деп сындап жатышат. 2008-жылы грузин бийлигинин өзүнчө бөлүнүп кеткен эки аймакты кайтаруу жана Батыш уюмдарына кошулуу аракети Орусия менен беш күндүк согушка түрткү болгон.