Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча сот уланат
Алардын ишин Бишкектин Ленин райондук соту карап жатат.
Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын бир нече жолку өтүнүчтөрү канааттандырылган эмес. Быйыл экинчи майда мурдагы эки чиновниктин тергөө абактагы мөөнөтү эки айга узартылган. (NT)