Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында нөшөр жаандан кийин каптаган селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн, 19-майда да уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Баткенде мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Ош–Баткен автожолунун 109-чакырымында эки жеңил машинаны кум-шагыл баскан. Элдин жардамы менен машиналар чыгарылып, ички чарбалык автожолдор толук тазаланып бүткөн. Кадамжай шаарында сел суусу үйлөрдүн короосун, имараттардын жертөлөсүн каптап, жети көпүрөнүн жээгиндеги кум-шагылды жууп кеткен. Читать дальше...