Тажик оппозиционердин энеси уулун "алып кетишкенин" айтып жатат
Ойшамох Абдуллоеванын 21-февралда “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, уулу Шарофиддин Гадоев үйүнө бир күн түнөгөндөн кийин, 20-февралда кечинде аны кайра алып кетишкен. Ага бийлик өкүлдөру уулу жакында бошотула турганын айтышкан, бирок азыр анын кайда экенин билбейт.
Абдуллоеванын айтышынча, Гадоев бир канча адамдын коштоосунда Фархор районундагы үйүнө 19-февралда келген. Бирок коштоп баргандар аны эртеси алып кетишкен.
Анын адвокаты Гадоев Тажикстанга келгенге чейин өткөн жумада Орусиянын бийликтери тарабынан кармалганын билдирүүдө.
Тажик оппозициясы менен укук коргоочулардын тынчсызданууларынан улам Нидерланд бийлиги да иликтөө баштады. Гадоев бул өлкөдө туруктуу жашоо уруксат алган.
Коңшу өлкөнүн бийлиги “Группы-24” тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири саналган Шарофиддин Гадоев Тажикстанга 15-февралда өз ыктыяры менен келип, Душанбе эл аралык аба бекетинде милицияга багынып бергенин билдирген.