Танзанияда “пил сөөгүнүн канышасы” 15 жылга кесилди
69 жаштагы ишкер айым эки өнөктөшү менен 2015-жылы колго түшкөн. Алар жалпысынан 5,6 миллион долларга пил сөөгүн мыйзамсыз сатканы аныкталган. Үчөө тең күнөөлөрүн мойнуна алган эмес. Гландын эки өнөктөшү да 15 жылга кесилген. “Пил сөөгүнүн канышасы” Танзанияга 1975-жылы барып, кытай темир жол компаниясында котормочу болуп иштеген.
"Дүйнөлүк табият" фондунун маалыматына караганда, соңку 10 жыл ичинде Африкада 110 миңдей пил өлтүрүлгөн. Танзанияда 2009-2014 жылдары пилдин саны 60% азайган.
Кытай, Вьетнам, Таиланд сыяктуу Азия мамлекеттеринде пил сөөгүнө суроо-талап көп. Андан азиялыктар кымбат баалуу зер буюмдарын, кооз буюмдарды жасашат.