Өсмөгө чалдыккандар үчүн линиялык тездеткич аппараты күзгө чейин ишке кирет
Линиялык тездеткичти сатып алууга акча Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясы 2017-жылы октябрь айында эки тараптуу келишимдин негизинде берген.
Улуттук онкология жана гематология борбору тендердеги линиялык тездеткичтин суммасын 352 млн. 26 миң сомго баалаган. Ал эми андан утуп чыккан «MN Medical UN» компаниясы 3 млн. 874 778 доллар же 270 млн. 653 243 сомго 2018-жылы жасалган, жаңы эки линиялык тездеткич сатып келүүгө убада берген. Тендердин шарты боюнча, бул акчанын ичинде аппаратты сатып алып келүү, аны орнотуу жана аппаратты иштетүү боюнча тиешелүү адистерди окутуу акысы да камтылган.