Чемпиондор лигасы: "Ювентус" "Атлетикого" утулду
Оюнда эсеп 78-мүнөткө чейин ачылган жок. Алгачкы голду «Атлетиконун» оюнчусу Хосе Хименес киргизди.
Ал эми 83-мүнөттө Диего Годин эсепти 2:0гө жеткирди. Эки команданын жооптуу беттеши эки жумадан кийин «Ювентустун» талаасында өтөт. Бирок Чемпиондор лигасынын тарыхында «Ювентус» бир дагы жолу 2:0 эсебинен соң кийинки турга өткөн эмес.
Дагы бир матчта Германиянын «Шальке» клубу өз үйүндө англиялык «Манчестер Сити» клубуна 2:3 эсебинде утулуп, ¼ финалдык бөлүккө чыгуу мүмкүнчүлүгүн оорлотуп алды. (SDz\ErN)