Порошенко БУУнун Башкы ассамблеясында Орусия тууралуу билдирүү жасады
Мындай билдирүүнү Украинанын президенти Петро Порошенко шаршембиде Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын отурумунда жасады. Порошенко жарым аралда 32,5 миңдей орус аскери жана 50 реактивдүү ракета бар экенин тактады.
Украин президентинин айтымында, Москва Крымда өзөктүк курал үчүн инфраструктура түзүп койду.
Донбасстагы кырдаалды комментарийлеп жатып аймакта куралданган 35 миң орусиялык жикчилдер жана эки миңдей орусиялык аскерлер жүргөнүн кабарлады. “Алардын карамагында 500гө жакын танк, 130 реактивдүү ракета жана 800 артиллериялык система бар”, - деди президент.
“Трансатлантикалык эркиндикти жана демократияны коргоодо Украина НАТОнун реалдуу чыгыш флангы болуп калды”, - деди Порошенко. Ал ошондой эле Украинага карата агрессиялык саясаты үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинде Орусиянын вето коюу укугунан ажыратууну сунуштады.
Мунун алдында Украинанын президенти Петро Порошенко өлкөнүн Европа Биримдиги менен НАТОнун мүчөлүгүнө өтүүгө багыт алганын Баш мыйзамда бекитүү жөнүндө мыйзамга кол койгон.
20-февраль Украинада Крымдын аннексияланып башталышы катары саналат. Орусия 2014-жылы референдум деп аталган жол менен Украинанын мыйзамдарына каршы Крымды аннексиялап алган. (ErN)