Кыргызстанда калктын саны 6 миллион 400 миңге чукулдады
Учурда элдин облустарга, райондорго, шаарларга карата катышы жана улуту, жынысы, курагы боюнча курамы такталып жатат. Ошондон кийин гана кенен маалымат жарыяланат.
Өлкөдө калктын саны 2018-жылдын 1-январында 6 миллион 256,7 миң, 2017-жылдын 1-январында 6 миллион 140,2 миң, 2016-жылдын 1-январында 6 миллион 19,5 миң деп саналган. (ErN)