“Мегакомдун” 345 миллион сомдук келишими парламентте суроо жаратты (видео)
- “КТ мобайл” тууралуу ал радиожыштыктарды пайдалануу укугуна ээ экени тууралуу гана маалыматыбыз бар. Башка жок. Интернетте “Мегаком” бул компанияга кызматташтык тууралуу келишим боюнча 345 миллион сом төлөп бериши керек деген кабар жүрөт. Мындай акча эмненин негизинде төлөнүшү зарыл? Эмне үчүн биз “КТ мобайл” деген белгисиз уюлдук компанияны жандандырышыбыз керек?
«Альфа Телеком» жабык акционердик коому “Мегаком” деген ат менен белгилүү. Анын акцияларынын 100% мамлекетке таандык.
Депутаттын айткандарына компания өз жообун даярдап жатат. Анын Интернеттеги расмий сайтына 2018-жылдын 7-декабрында «КТ Мобайл» менен келишим түзүлгөнү, радиожыштыктарды биргелешип пайдалануу "Мегакомдун" уюлдук байланыш кызматынын сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк ачылары тууралуу кабар чыккан.(RK)