Добавить новость
World News





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


Кингдей адам керек

Кечээ ким элек, бүгүн кимбиз, эртең ким болобуз деген тагдыр чечээр суроолорго мекендештерибиз ачык жана так жооп таба албай тайсалдап келет. Ооба, бүгүнкү күн, бүгүнкү абалыбыз бизге ал жоопторду бере албайт.



Мамлекетибиз кылдын учунда өзүн араң кармап турган кези. Ал эми бул суроолорго жооп таап, бизге мотивация бере турган аткаминерлерибиздин мен-мен деп төш какканы менен, айылда кетмен чапкан дыйканчалык пайда келтирбегендиги ар бирибизди өкүндүрөт. Биз куру убада, куру сөздөргө сугарылып, ал убадалардын аткарылышын күтүп, акыры үмүтүбүздү үзүп, өз арабабызды өзүбүз тартып бара жаткандайбыз.



Мындан 50 жыл мурда Америка бийлигинин 100 жыл мурда берген убадасын  Мартин Лютер Кинг деген улуу адам сөз чеберчилиги менен аткартып, америка элине эркиндикти алып берген.



Кинг ак терилүүлөр менен кара терилүүлөрдү бириктирип, эл ынтымагын бекемдеп, караңгы бөлмөдө жашап жаткан калкка үмүт чырагын карматкан. Ошол үмүт чырагын колго кармап, бүгүн Америка болуп көрбөгөндөй эркиндикке жетип отурат. Дискриминацияга, эзилүүгө дуушар болгон калк үчүн Кинг супермен сыяктуу жардамга келип, укуктарын коргоп, талабын алып берген. Алардын колдоруна кармаган убада баракчасындагы убадаларды аткартканга эч кандай зулумдук пайдаланбастан, чечендик өнөрү аркылуу жетишти.



Замандаштар, дал Кингдей суперменге бүгүн биздин өлкө муктаж. Биз да 50 жыл мурдагы Америка элине окшоп колубузга убада баракчасын кармап, көп аракет жасасак да аткарта албай келебиз. Улам бир өлкө башчы супермен сыяктуу келип, куру убадаларды берип жаткандыгы элибиздин бүйүрүн кызытып, калк ишеничин караңгы түн каптап калгандай.



Кинг ак терилүүлөр менен кара терилүүлөрдү океандай чоң Американы бириктирип, ынтымагын бекемдеп жатса, биздин аткаминерлерибиз болсо Жогорку Кеңеште отуруп алып, "көлдүктөр чогулуп жатабыз”, “оштуктар чогулуп жатабыз” деген сөздөрдү уялбастан айтып жаткандары адамды ойго салбай койбойт экен. Өз кызыкчылыктары үчүн алакандай элди бөлүп жарган чоңдорубуз жыргатпай калды көрүнөт. Эртең Кингдей супермен келип, биздин талабыбызды талашса, элибизди ынтымакка чакырса, куру убадаларга сугарылган элге туура жол көрсөтсө, анда биз эртең ким болоорубузду билээр элек.



Акыркы учурларда өлкөбүздө демократия түшүнүгү өзүмбилемдик, тентектик катары кабыл алынып, ар түрдүү ыплас окуялардын көбөйгөнү көбөйгөн. Чоңдорубуз болсо кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланып, коррупцияга малынып, өлкөбүз андан жакынкы арада чыга албай калды көрүнөт. Ал эми коомдо эч кандай прогресс байкалбай, эркиндикти башка өңүттөн кароо күч алды: продюсерлер жаштарды, коомду ыпластык менен тарбиялаган эркиндик! Укук коргоочулардын күнөөлүүнүн күнөөлүү экендигин билип, актоо сөзүн сүйлөгөн эркиндик! Жаштардын өз тилинде сүйлөөдөн уялткан эркиндик! Уят-сый акчага алмашылган эркиндик! Атасы баласына, баласы атасына каршы чыккан эркиндик! Бир туугандар бири-бирин көрүүдөн качкан эркиндик! Мына, ушундай замандаштар, бүгүнкү күн бизди эркиндикти ушундай туура эмес түшүнүүгө алып келип, маңкурт кылып тарбиялап жаткандыгы айдан ачык.



Конституциябызда эч ким тили, дини, жынысы жана социалдык өзгөчөлүктөрү үчүн басмырланбашы керек деп бакыйып жазылып турганы менен, коомубузда жаштардын орусча билбегендиги үчүн басмырланып жатышы, аялдардын укуктарынын тебеленип, корголбой жатышы, байлар кедейлерди маскаралап аз акчага иштетип, кул катары кабыл алып жатышы, келечегибиз болгон жаш бөбөктөрүбүздүн бели катый электе бир тыйындын артынан жүгүрүп, аз акчага алданып иштеп жатышы күн санап күч алып баратат.



Эмне үчүн бул укук бузуулар бийлик тарабынан көзөмөлгө алынбайт? Акыркы жылдарда мындай укук бузуулардын орточо эсеби да чыгарылган эмес. Мандаттарын кармаган жүз жыйырма депутаттын бул иштерге убактысы жетпейби? Анда биз аларга ишенип неге шайлап алдык эле?



Тилге, тарыхка, маданиятка көңүл бурабыз деп катуу эле аракет кылып жатышат эле. Кыргыз тилин сактап кала алдыкпы? Калп эле төштү кагып, "мен патриотмун", "мен народ үчүн", "мен народдун кишисимин" деп ооз көптүрүп сүйлөгөн менен, тилибиздин тамтыгы чыгып, адабий сөздөр жоголуп, жыртык жерлери орус тилинен алынган сөздөр менен жамалып калганын байкадыңарбы?



50 жыл мурун Америкада болгон өзгөрүү бизде качан болот? Качан бардык адамдардын даражасы бирдей болот? Качан бөбөктөрүбүзгө туура тарбия беребиз? Качан өз тилибизди коргоого умтулабыз? Бизге үмүт чырагын берээр адам келээр бекен? Бул суроолорго жооп табуу самандан ийне издеген сыяктуу эле болуп калгандай.



Замандаштар, мен тажадым, бүгүн депутаттар забордон секирген өлкөдө жашоодон. Мен тажадым, укмуштуудай кооз берилген куру убадаларды угуудан. Мен тажадым, бүгүн өз эне тилин сүйлөөдөн уялган жаштарды көрүүдөн. Мен тажадым, бүгүн адамдардын бөлүнүүсүнөн. Ооба, мен тажадым, мекендештер өлкө абалынын начардыгын көрүүдөн. Мен тажадым, билимдүү, акылдуу жаштардын чет өлкөгө кетип жатканын көрүүдөн. Мен тажадым, бүгүн өз кесибин чала окуп бүтүп, иштей албай жаткан кызматкерлердин ишинин терс натыйжасын көрүүдөн. Мен тажадым, биздин бүгүнкү абалыбыздан.



Менин да кыялым бар: адамдар диний ишенимине, жынысына, тилине социалдык абалынынын өзгөчөлүгүнө карата кодуланбаса. Ооба, менин да ар бир өлкө жараны сыяктуу кыялым бар: өлкөбүз өнүксө жана биз бири-бирибиз менен таттуу мамиледе жашасак. Менин дагы эле кыялым бар: келечегибиз болгон жаштар убактыларын бош өткөрбөстөн татыктуу билим алса. Менин да кыялым бар: чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз жерине кайтып, өз элине кызмат кылса. Менин да кыялым бар: машиналар араң жүргөн жолдорубуз оңолсо. Менин да кыялым бар: бир күн өз кендерибизди өзүбүз иштете алчу деңгээлге жетебиз. Менин кыялым бар: эртеңки күнү балдарыбыз менен өнүккөн өлкөдө жетелешип, өлкө гимнин ырдап, сыймыктануу менен басабыз.



Кыялдангыла мекендештер, эртең биздин кыядарыбыз да ишке ашып, биз өз баалуулуктарыбызды сактап, болуп көрбөгөндөй эркиндикке жетишебиз. Кыялдангыла достор, кыялыңарда эркиндик, гармония, тынчтык болсун!



Нурайым Шамырканова




Загрузка...

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net