Добавить новость
World News





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


Келечекке жетелеген кыялдарым

Берилген өмүрдү мыкты жашап өтүүгө жана өзгөлөрдү да жашатууга “жашаш үчүн гана эмес, жашатыш үчүн” бел байлаган Мекенимдин миңдеген жаранынын бири катары үмүтүмдү жаркын келечек үчүн жетелеген кыял-тилегим менен бөлүшкүм келди.



Ардактуу замандаш, "жакшы тилек - жарым ырыс" дейт, тилегиме тилектеш болчу! “Адамга эң кыйын – күн сайын адам болуу” деп бекеринен айтылбаптыр. Бул кептин түпкү тегинде адамзаттын чындыкка, бийиктикке, аруулукка, жакшылыкка, ийгиликке болгон табигый умтулуусу, арзуусу болоруна күмөнсүз ишенем. Ал эми жан дүйнөнүн бул чакырыгын, үмүт канат кагышы менен тастыктап турат. Жакшылыктан үмүт үзбөй жаркын келечекке арткан үмүтүбүздү чөйрөбүзгө чарчабастан чачалычы?!



Ооба, бүгүн күбө болуп жаткан заманыбыз өтө татаал. Сөздүн күчү, ишенимдин баркы, анттын алы кеткен заман. Мен сыяктуу жаштардын кимден үлгү алаарын билбеген каар заман. Учурда өз өкүмүн сүрдүрүп жаткан адилетсиздик, жек көрүү, көрө албастык, кызганыч, кайдыгерлик, жаңы өнүп келаткан көчөттү тепселөө, жаңы башы чыгып келаткан ийгилик ээсин буттан тартып балчыкка жыгуу, деги койчу, бул сыяктуулар жанга батты! Көрсө ар бир доор, өз замандаштарын ар түрдүү сыноолорго дуушар кылат турбайбы. Бул сыноолор, жүрөгүбүздөгү жаркын үмүтүбүздү мокотпостон кайрадан кайрат берип кайраттандырат деп ишенем.



“Мекеним мага эмне жасап берди” деп күтпөстөн “Мен мекеним үчүн эмне жасадым” деп, “айланаң караңгыга чөмүлсө, наалат айткандын ордуна жок дегенде шам-чырак жак, айланаң нурга бөлөнсүн” дейт эмеспи. Бардык нерсени башкалардан күтпөстөн, замандын адилетсиздигине шылтап, аракет кылбай отура бергендин ордуна жок дегенде шам чырак жагып, өзүбүздүн айланабызга жарык чачсак деген кыял-тилегим бар.



Мекендештеримдин кара жанын багам деп какпаган эшик калбады, көрүнгөнгө кор болуп, чет жердин азабын тарткан күндөрдүн бүтөрүнө аз калды деп кыялданам. Алыста жүрүп куса болгон жарандарыбыздын көргөн кордуктары, кайгыдан кабыргасы кайышкандарын бир күн балким аткаминерлер сезет чыгар, түбүбүзгө жете турган коррупцияны кан буугандай токтотот деген кыялдарга жетеленем. Бөтөн өлкөдө, бөтөн жерде көзүн ачпай, кадам таштабай жатып теңсиздикке тушуккан мотурайган бөбөктөрүмдүн жүрөгүндө так калбасын, басмырланганы үчүн жүздөрүн санаа баспасын, дайым жүзүндө жылмаюу, жүрөгүндө жылуулук кетпесин деп Жараткандан тилеп келем...



Бардар жашоодо жашагандар менен көр тириликтин кордугуна баткандар кол кармашып бири-бирине кучактарын ачса, алты саны аман туруп майыптын кейпин кийгендер жумада бир күнүн майыптарга арнаса деп кылданам. Баласы ооруп, жүрөгү сыздагандар дайыма боорукер жарандарга жолукса, эне мээримине зар болгон жетимдер, жүрөгү мээримге толгон кучактарга бек кысылса... Ар бир баланын жашоосунда “Дүйшөн агай” сыяктуу жашоого багыт берген биринчи мугалими болсо экен деп кыялданам.



Жүрөгү таш болуп каткан, кечиримдүүлүктү кемчилик деп санагандарга жооп иретинде ар бир күн жылмаюу менен салам айтылса деп кыялданам. Зомбулуктан сай-сөөгү сыздагандар адилеттүүлүккө, кайрымдуулукка жана боорукердикке болгон ишенимин жоготпосо экен деген кыял-тилегим бар...



Жаш философтун айтымында: “Кыргызстанда орустар, өзбектер, дунгандар, татарлар, уйгурлар, көлдүктөр, оштуктар, нарындыктар, баткендиктер, таластыктар... деген улуттар жашайт экен”. Ошодон улам Кыргызстанымда бир гана кыргызстандык деген улут жашап, түндүк-түштүк, кыргыз-киргиз, теңирчи-мусулман деген бөлүп-жарылуулар тып-тыйпыл таш-талкан болуп талкаланса деп кыялданам. Түндүк-түштүк деген сөздүн өзү жоголуп, жалпы эл-журт кыз алып, кыз берип куда-сөөк күтсө экен деген кыял-тилегим бар...



Ооба, менин өлкөмдө болуп жаткандар утурумдук кыйынчылык. Жакынкы келечекте алардын баары жакшылыкка алып барган жышаанга себепчи болот деген ишенимим бар. Албетте бул өзгөрүүлөр жалпы Орто Азия өлкөлөрүнө өз таасирин тийгизери анык. Бир күн келээр биз чыныгы коңшу жана эзелтен тууган элдер экенибизди эстеп, ортодогу айырмачылыктарга көңүл бурбай калаарбыз. Жалпы баалуулуктарыбыз бир экенин аңдап, келечекке биримдик менен кадам таштайбыз. Ошондо балдарыбыз тарыхты окуп жатып, ата-бабаларыбыз болбогон нерселерден чыр-чатак чыгарганына таң калаарына күбө болом деп кыялданам...



Руслан Акматбек

Загрузка...

Загрузка...

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net