Сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды
Калыстар тобу бул материалдардын баарын карап чыккан соң, төмөнкү авторлордун материалдарын жеңүүчү деп тапты.
Дилбаян сынагы:
1. Айзада Апазова - “Элеттик мугалимдин кыялы”
2. Валентина Житенева - “Вспомнят ли о нас - детях войны?”
3. Tokhir Palaev - "How will darkness come to light?”
Көркөм окуу сынагы:
1. Өндүрүш Токтонасыров (кырг.)
2. Тынымгуль Эшиева (русск.)
3. Никита Меньшов (англ.)
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Мартин Лютер Кингдин туулган күнүндө, 2014-жылдын 21-январында Бишкектеги Америка борборунда (Касымалы Баялинов атындагы китепкананын 2-кабаты, Атай Огонбаев көчөсү, 242) өтөт.
“Азаттык” сынактын жеңүүчүлөрүн чын дилден куттуктоо менен сынакка катышкан бардык окурмандарына алкыш айтат.