Сот Ашым Зайналиевдин ишин карай баштады
Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы медициналык уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды дарылаган Ашым Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу" жана “Алдамчылык” беренелери менен иш козголуп, тергөө башталганын маалымдаган. Зайналиев 22-декабрда кармалып, сот аны тергөө бүткөнгө чейин, эки айга камаган.
Саламаттык сактоо министрлиги Ашым Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган.
28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалда беш жаштагы кыз түшкөн. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти Ашым Зайналиев дарылаганы айтылууда. Зайналиев буга чейин да бир нече адамды дарылап, алардын арасында жарык дүйнө менен кош айтышкандары болгон.
Бирок табыптын тарапкерлери анын колунан айыккан адамдар бар экенин айтышууда. (КЕ)