Цирктин кызматкерлер тобу нааразылык акциясын уюштурушту
Циркти буга чейин, 2004-жылдан бери жетектеп келген директор Курмангазы Исанаев өткөн жылдын соңунда чыгармачыл жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен.
Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Мамлекеттик циркти жетектегиси келген талапкерлердин программалары менен таанышуу жүрүп жатканын “Азаттыкка” билидирген. Анын айтымында, учурда төрт кишинин талапкерлиги каралып жатат. Алардын арасында маданият министринин мурдагы орун басары Фархат Бекмамбетов, жарандык активист Азамат Аттокуров, гимнаст Аида Акматова жана балетмейстер Зарылбек Молдобакиров бар.
Адистер кийинки убакта цирк өтө оор абалга кептелгенин, кызматкерлердин айлык акысы аз экенин жана жамааттын ич ара ынтымагы ыдырап кеткенин билдирип жүрүшөт. (КЕ)