Ашым Зайналиевдин кылмыш иши токтотулду
Зайналиев сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди.
Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы медициналык уруксат кагаздары болбосо да бейтаптарды дарылаган Ашым Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу" жана “Алдамчылык” беренелери менен иш козголуп, тергөө башталганын маалымдаган. Зайналиев "2016-жылы бирөөдөн алдап акча алган" деген күнөө менен 22-декабрда кармалып, сот аны тергөө бүткөнгө чейин, эки айга камаган.
Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Ашым Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлиги учурда ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет.
Табыптын тарапкерлери анын колунан айыккан кишилер бар экенин айтып жүрүшөт. (КЕ)