Азия кубогу: Иран, Кытай, Вьетнам чейрек финалда
Иран командасы Оманды 2:0 эсебинде ишеничтүү жеңип, кийинки финалдык бөлүккө өттү.
Ал эми Иордания оюнга чейин Вьетнамдан күчтүү болгону менен кечээ негизги убакытты 1:1 эсебинде жыйынтыктап, пенальтиден 4:2 эсебинде утулуп, чемпионат менен кош айтышты.
21-январда да финалдын 1/8 бөлүгүндөгү оюндар уланат. Анда Кыргызстандын курама командасы Бириккен Араб Эмираттары менен ойнойт.
Ошондой эле башка оюндарда Жапония Сауд Арабиясы менен кез келсе, Австралия менен Өзбекстан чейрек финалга жолдомону талашышат.
Футбол боюнча Азия кубогу быйыл Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатат. 5-январда башталган чемпионат 1-февралда жыйынтыкталат. (SDz)